Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Суусамырда эгин кар алдында калды

Аймак
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
22
8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып  Суусамыр өрөөнүндө 5 миң гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калды. Бул туурасында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев кабарлады. Маалыматка караганда, жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дагы башка мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Дыйкандардын көпчүлүгү эгиндерин насыя алып айдашкан. Быйылкы жылы Суусамырда 6 миң 100 гектар жерге арпа айдалган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу