Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Сууктун күчөшү менен Нарын облусундагы мектептерде окуу токтотулуп коопсуздук чаралары көрүлүүдө

Аймак
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
431
 14-январда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облус аймагындагы мектептерде окуу процесси токтотулганына байланыштуу тиешелүү мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө алгач А.Кайыпов жалпы жылуулук маселесине токтолду. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев Нарын шаарындагы үйлөрдүн жылуулугу боюнча маалымат берип, эки жолу авария болгонун айтты. Бирөөсү жылуулук өтүүчү трассанын түтүктөрү жарылганынан улам, ал эми экинчиси жаңы орнотулган от казандын иштеши маселе жараткан. Бүгүнкү күндө алар оңдолуп, суунун кетирүүсү 60 градус жогорку температурада, кайтып келиши 46 градус жогорку температурада экенин кошумчалады.
Мындан тышкары биринчи вице-мэр Алмаз Суранов жылуулук берүү ишканасы менен биргеликте мэрия тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып жылуулугу текшерилгенин айтты. Жыйынтыгы боюнча декабрь айындагы жылуулук үчүн 10 күндүн акысы төлөмдөн чыгарылганын билдирди.
Облус башчы шаардагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук үчүн төлөмдүн кыскарышы канааттандырарлык жооп эмес экенин айтты.  А.Суранов менен У.Айтиевдин ишин сынга алып, тапшырылган иштер өз деңгээлинде аткарылбаса кызмат абалдары каралаарын эскертти.  
Андан соң облус башчы облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытовго жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына, мектеп директорлоруна окуу процесси башталгыча мектептердин от казандарын, жалпы эле жылытуу системаларын көзөмөлгө алып, авариялык абалга туш болбошу үчүн алдын алуу чараларын көрүүнү, ошондой эле окуучулар боюнча үзгүлтүксүз маалымат алып турууну тапшырды.
Эске салсак, январь айында абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенинен улам балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында Нарын шаарындагы, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондорундагы мектептерде окуу процесси токтотулган. Кочкор районунда абанын температурасы салыштырмалуу жогору болгондуктан мектептер окуусун улантууда.
 
Дүйшөк кызы Айнура, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.