Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Сулайман-Тоо суугарылат

Аймак
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
37
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы эми жамгырлатып сугарылат.  Бул үчүн тоого атайын түтүктөр орнотулду.  Алар кечээ ишке берилгенин  демилгенин автору "Ошпроектстрой" ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Бул демилге "Ошпроектстрой" ишканасы аркылуу көтөрүлүп, аны "Улар транс" курулуш ишканасы ишке ашырды. Учурда 8 гектар аянт жерге 162 даана түтүк орнотулду. Ага республикалык бюджеттин эсебинен 6 миллион сом акча бөлүндү. Бир учурда 162 түтүктүн баарын иштетүүгө болбойт. 5 түтүк иштетилип, ал 25 метрден 35 метрге чейинки аралыкка сууну чачыратып жер менен кошо бак-дарактар сугарылат. Түтүктөр бир саат бою иштейт. Андан соң башка беш түтүктү иштете баштайбыз", — деген М.Кааров.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу