Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Сокулукта меш жарылып, анын кесепетинен жаш келин көз жумду

Аймак
09 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
146
Сокулук районунун Романовка айылындагы турак үйдүн меши жарылып, анын кесепетинен 1996-жылы туулган Ж. кызы А. денесинен 65% күйүк алып, оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Окуядан 11 күн өткөндөн кийин кош бойлуу келин ооруканада көз жумганын Турмуш басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирген.
Ал бүгүн, 9-февраль күнү жерге берилет. Артында жолдошу менен 2016-жылы төрөлгөн
уулу калды. Өзүнүн ата-теги Суусамыр өрөөнүнөн болот. Ал эми, маркум Романовка айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн.
Романовка айылынын тургундарынын айтымында, үйдөгү жылытуучу системанын үстү тоңуп, анын кесепетинен меши жарылган.
«Келин жылытуучу системасына катуу от жаккан экен. Буу чыга турган жери тоңуп, ысык меши жарылып, андагы суу келинге чачыраган», - деп билдиришкен алар.
 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.