Курс НБ на 20.11.2018 $69,8300 €79,7354

Сокулукта конокко барган эки медициналык кызматкер сууга агып каза болду

Аймак
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
104
Сокулук районуна конокко барган эки кенже медициналык кызматкер сууга агып каза болушту. Окуя ушул жылдын 7-июлунда болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришкен.

Аталган фактыны Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап: «Чүй облусунун Сокулук райондук аймактык оорукананын кардиология бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптешинин үйүнө конокко барып, 2 кенже медициналык кызматкер үйдүн жанындагы шар аккан сууга агып каза болушкан», - деп кошумчалады.
ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча, маркумдардын денеси болжол менен кечки саат 20:00 чамасында табылган.

«Куткаруу ишине 11 киши барды. 2 чакырым жерден, арыктын ылдый жагынан саат 20:00 чамасында маркумдардын денесин таап чыктык», - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон кенже медициналык кызматкерлердин бири 58 жашта болсо, экинчиси 40 жашта болгон.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.