Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Соң-Көл жайлоосунда эркек кишинин денеси табылды

Аймак
06 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
99
Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө аймагында тигилген боз үйдүн дааратканасынын жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя тууралуу 2018-жылдын 28-январында саат 21:00 чамасында Ак-Талаа РИИБге маалымдашкан. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде алгачкы текшерүүлөрдү жүргүзүп, маркумдун денесинен күч колдонулган белгилер байкалган эмес.
Маркумдун өздүгү такталып, 1967-жылы туулган М.А. экени аныкталган. Учурда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу күтүлүп жатат. Иш Ак-Талаа РИИБдин кароосунда.
Булак: Турмуш
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.