Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Сох-Кан-Зардалы унаа жолунда кулоо коркунучун жараткан таштар түшүрүлүп, жол тазаланды

Аймак
01 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
187
2019-жылдын 31-март күнү Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 30-32-чакырым аралыгында таш кулоо коркунучу пайда болгон. Жерине жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнин Баткен районунун бөлүмүнүн башчылыгында Баткен райондук №26 Аскерлештирилген өрт –куткаруу бөлүгунөн 15 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын  №3 Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жерине тартылып коркунуч жараткан таштарды түшүрүп, жолду тазалашкан. Жалпы жергиликтүү тургундардан 235 адам, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 6 кызматкер жана КР ӨКМнен  35 куткаруучу тартылган. 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.