Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Сүйүналы Чондиев: «Сууду үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу маселеси жыл өткөн сайын күчөйт"

Аймак
13 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
100
Сүйүнали Чондиев  дээрлик кырк жыл республиканын, андан кийин Талас облусунун суу чарба тармактарында жооптуу жетекчи кызматтарда  иштеген. Учурда пенсияда. 2017-жылдан бери USAID-БАРЭБ «Суу, билим берүү жана кызматташуу»  биргелешкен долбоорунун Күркүрөө дарыясы боюнча координатору болуп иштөөдө.
  -Сүйүналы ага,  суу чарбасына кызыккан окурмандар үчүн зарыл керектүү китепти даярдап басмадан  чыгарып чоң иш жасаптырсыз.
-Бул китебибиз «Краткий толковый словарь гидромелиоративных терминов и определений» деп аталат. Башкача айтканда гидромелиоративдик багыттагы  А- Яга чейинки 2000 терминге түшүндүрмө берилген сөздүк. 
Союздун убагында гидромелиоративдик 20 000 терминдерге түшүндүрмө берген сөздүк бар, Москвадан басылып чыккан. Мен 45 жылдык  суу чарба тармагында түрдүү жооптуу кызматтарды аткарган эмгегиме, иш тажрыйбама таянып,  ошол сөздүктүн негизинде, бүгүн биздин гидромелиоративдик иш-аракеттерибизге эң керектүү деп саналган 2000 терминди тандап алып, ошолорго түшүндүрмө берген сөздүктү жаздым жана басмадан чыгаруунун демилгечиси  болдум. Славян университетинин кафедра башчысы Б.С.Ордобаев,  КГУСТАнын  гидромелиорация факультетинин доценти Э.М.Мамбетов  менен биргелешкен авторлукта басмадан чыгардык.
-Сөздүкү кыргыз тилинде да чыгабы?
-Учурда сөздүктүн кыргызча котормосунун үстүндө иштеп жатам.
- USAID-БАРЭБдин “ Суу, билим берүү жана  кызматташуу»  долбооруна токтолсоңуз?
-Бул долбоор суу ресурстарын  пайдалануу боюнча  регионалдык  кызматташууну  кеңейтүү максатын көздөйт. Долбоордун аткаруучусу болуп Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык  борбор-БАРЭБ саналат. Долбоордун аткаруу аймагына  Борбордук Азия регионунан Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Афганистан кирет.
-Бул долбоор биздин республикада жана анын ичинен Талас облусунда кандай деңгээлде ишке ашырылууда?
-USAID- БАРЭБдин «Суу,  билим берүү жана кызматташуу»  биргелешкен долбоору  бир мамлекеттен экинчи мамлекетке агып өткөн суу булактарын  пайдалануу маселелерин жөнгө салууда пайдасы зор болмокчу. Биздин республикады 4 дарыядагы суу:  Таластын Күркүрөө дарыясын Казакстан менен, Чүйдүн Асфара дарыясын Казакстан менен, Баткендин Исфара дарыясын Тажикстан менен, Жалал-Абаддын  Падыша-Ата дарыясын  Өзбекстан менен,  тийиштүү өлчөмдө мамлекеттер аралык бөлүп алуу меселеси бар.
Мен аталаган долбоордун Таластын Күркүрөө дарыясы боюнча  координатору же эксперти болуп иштеп жатам. Казакстан менен биргелешип Күркүрөө дарыясындага суу курулмаларын оңдоо, тазалоо жана  жакшыртуу маселелери  алдыда турат. Күркүрөө дарыясынан суу алган Кара-Буура районунун 4 айыл аймагы менен иштешип жатабыз.
Сууну  үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу маселеси жыл өткөн сайын курчуй берет.  Ушул багытта иш  жүргүзүп жатабыз. Иштегенибизге бир жыл болду. Алдыда эсеп-чотко сала турган көп иштер турат. Ошонун баарын тактап-чактап алганыбыздан кийин Күркүрөө дарыясындагы  эскилиги жеткен   түрдүү суу  курулмаларын  оңдоо жана жакшыртуу боюнча чет өлкөлүк донорлорго кайрылып, каражат сурайбыз.  Ички инвестицияларды издейбиз.
 
Нуржигит Сейдалиев. Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.