Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Швейцариядан келген өкүлдөр «КР медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоору менен таанышты

Аймак
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
436
Ош мамлекеттик университетине келген Швейцариянын Кыргызстандагы посолу Рене Холенштайн, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун директорунун орун басары  Элизабет Фон Каппелер,  Женевадагы саламаттыкты сактоо боюнча форумдун президенти, профессор Луи Лутон, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун Кыргызстандагы координатору Эльвира Мураталиева, «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун менеджери Гүлзат Орозалиевалар университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча пикир алышышты.
  Учурда ОшМУнун медицина факультети  «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында бир нече семинарларга катышышып, жаңы интеграцияланган, проблеманы чечүүгө багытталган модулдук окуу пландарын түзүү боюнча иштерди алып барып, 1-курстар аталган долбоордун алкагында жаңы модулдарга интеграцияланган окуу усулдары менен билим алып жатышат. 
Белгилей кетсек, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фонду ОшМУнун Медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунда ачылып жаткан «ПРАКТИКАЛЫК КӨНДҮМДӨР» борборуна симуляциялык манекендер каражаттарын сатып алууга 38 миң долларлык каражат бөлгөн.
 Ризван Исмаилова, Ош облусу 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.