Курс НБ на 04.06.2020 $73,9200 €82,8348

Үшүк жүрүшү ыктымаал

Аймак
08 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
272
7-8-апрель күндөрү өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Талас областынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл аймагынын чыгышында абанын температурасы -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт. Адистердин билдирүүсүнө караганда, мындай аба-ырайы, өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.