Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

“Шанхай сити” отели эшигин ачты

Аймак
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
3128
    Ош шаарында  чет элдик инвесторлордун демөөрчүлүгү  менен  400 орундуу жаңы  заманбап архитектурасы менен  айырмаланган «Шанхай сити” отелинин ачылыш аземи болду. Салтанатка  Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнөн, КЭРнын ишкерлери, шаардын территориалдык кеңештеринин төрагалары жана шаардын тургундары катышты.
      З.Аскаров Ош шаарындагы ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн бүгүнкү абалына токтолуп, Ош шаарынын, ал гана эмес, республиканын  өсүп-өнүгүшүнө кошкон  бараандуу салымын белгиледи. Чет элдик инвесторлорду  тартуунун  натыйжасында “Шанхай сити” отелинде 50 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
    Ош шаарында катталган 27 миң чарбалык обьектилердин 85 пайызы жеке ишкерлердики. Жыл сайын шаарда жаңы-жаңы социалдык обьектилер ачылып жатат, эл  аралык уюмдардын көмөгү менен суу менен камсыздоо, канализация, коомдук транспорт тармагын жакшыртууда  алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал эми  өнөр жай тармагында акыркы жылдары «Фортресс», «Полипласт», «Хунда», «Фай-фай-ли» жана башка ишканалар ачылып, иштеп жатканы маалым.
 Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.