Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Шахтадагы окуялар боюнча комиссия түзүлдү

Аймак
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
524
Сүлүктү шахтасында көмүр казып жүргөн 49 жаштагы жаран уранды астында калып кечээ каза болгонун  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ал эми 9-январь күнү да аталган шаардагы “Белес-1” шахтасында өз алдынча көмүр казып жүргөн 17 жаштагы уланды таш басып калып, набыт кеткен эле. Мындай окуялардын кайра-кайра кайталанышынан улам атайын комиссия түзүлдү.  Бул тууралуу Баткен облусунун губернаторунун  биринчи  орун  басары Алишер Абдрахманов «Марал» радиосуна билдирген.  Эми Баткен облусуна караштуу баардык көмүр шахталары кароого алынат. Жыйынтыгында көмүр казууга кооптуу делген көмүр шахталары жабылышы мүмкүн,-делет маалыматтарда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.