Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Шаарды булгагандар айыпка жыгылды

Аймак
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
535
“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Талант Капаров баш болгон кызматкерлер, Ош шаарынын вице-мэри жана тартип сакчылары менен биргеликте кечинде атайын рейд уюштурду. Рейддин алкагында жол боюна ойкелди таштандыларды төгүп, шаарды булгагандар кармалды. Алар негизинен жер үйлөрдүн тургундары. 
-Жер үйлөр үчүн атайын сигнал ыкмасында машина келип, үйлөрдүн жанынан  таштанды чогултуп кетет. Бирок, аны күтпөстөн айрымдар чоң жолдун боюна мүшөктөргө, баштыктарга салынган акыр-чикирлерди алып чыгып ташташат. Шаардын борбордук көчөлөрү тазаланган боюнча турганы менен айрым жерлеринде айрыкча,  шаардын четирегиндеги  айылдарда, кичирайондордо  турган таштандылар шаардын көркүн эле кетирбестен, калаа жашоочуларына да жагымсыз жагдайды жаратат. Жолго жакын турган үйлөрдүн жашоочулары болсо башкаларга шылтап кутулат. Мындан улам, биз тартип сакчылары, мэрия өкүлдөрү менен бирге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Таштанды төккөндөр боюнча протокол түзүлүп, шаардык мэриянын алдындагы административдик комиссияга жөнөтүлдү-, деди мекеме жетекчиси Талант Капаров. 
 Үч саатка созулган түнкү рейдде мүмкүн эмес жерге акыр-чикирлерди төгүп жаткан жарандар аныкталып, алардын алтоо административдик айыпка жыгылды. Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси кошумчалагандай, шаардын тазалыгы үчүн мындай рейддер ай сайын, тынымсыз  өткөрүлүп турат.     
  
  Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.