Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Самаркандда эшектердин сөөктөрү табылды

Аймак
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
463
Өзбекстандын Самарканд шаарында бир топ  эшектин сөөктөрү табылды. Мындай маалыматты бүгүн  жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, эшектин сөөктөрү Хишрав кыштагына жакын жайгашкан жерден табылган. Эшектердин сөөктөрүн  Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын кызматкерлери өрттөп андан кийин көмүшкөн. Көмүлгөн аймак атайын дезинфекцияланган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоо органдары эшектер кандай максатта  союлгандыгын аныкташууда. Эшектердин көрүстөнүнө айланган көлмө туурасында жергиликтүү көз карандысыз журналисттердин бири Ташпулат Рахматуллаев жазып чыккандан кийин гана  бийлик сөөктү өрттөп тазалоого киришкен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.