Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Өрт адам өмүрүн алды

Аймак
08 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
46
Базар-Коргон райондук ооруканада 6-февралда 21 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Бала 5-февралда катуу күйүк алып ооруканага түшкөн. Аны менен кошо Чарбак айылында коңшу жашаган 14 жана 15 жаштагы балдар дагы жабыркаганы маалымдалды. Өрт жабыркагандардын биринин үйүнүн короосундагы контейнерден чыккан. Алдын-ала маалыматтар боюнча өрт бензиндин жанында отту этиятсыздык менен колдонгондон болгон. 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу