Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Раппопорт аллеясынын эскиздери сунушталды

Аймак
14 - Март 2017
www.erkintoo.kg
367
Ысык-Көлдөгү Раппопорт аллеясын туристтер менен жергиликтүү элдин эс алуучу жайына айлантуу пландалууда. Бул туурасында  өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Бүгүн Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү  өкүлү Асхат Акибаев жыйын өткөрүп, ага архитекторлор менен бирге токой чарба башчылары катышты. Леонид Раппопорт атындагы аллеясын калыбына келтирүү маселеси март айынын башында көтөрүлгөн. Жыйында  архитекторлор  аллеянын эскиздерин сунуштап, Асхат Акибаев менен макулдашышты. Архитекторлор  комплекстин аймагында тротуарлар менен велосипед жүрүүчү жолдор салынарын, жолдун боюна дарактардын бир нече түрлөрү отургузуларын айтышты. Маалыматка ылайык, аллеянын узундугу 1400 метрге жетет. А.Акибаев 24-мартка чейин долбоордун акыркы вариантын иштеп чыгууну тапшырды.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.