Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барды

Аймак
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
531
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  24-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барды. 
Өкмөт башчы реконструкциясы дээрлик жыйынтыкталып калган Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышты.  
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сапар алкагында Ош шаарындагы спорттук комплекстин ачылыш салтанатына катышып, Тилеке баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн долбоору менен таанышты. 
Ошондой эле Өкмөт башчынын катышуусунда Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы орто мектептин ачылыш аземи болду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.