Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды (фоторепортаж)

Аймак
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
432
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы айыл чарба жана билим берүү тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.
Тоң районунда Сооронбай Жээнбеков Кара-Шаар айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышып, Кара-Коо айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Буга катар Премьер-министр Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барып, айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартып жаткан долбоорлор менен таанышты.
Жети-Өгүз районунда Өкмөт башчы Жон-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, Кызыл-Суу айылындагы орто мектептин имаратынын курулушу менен таанышты. Ошондой эле Барскоон айылындагы айыл чарбаны өнүктүрүүдө дыйкандарга колдоо көрсөтүүчү «Барс-s» мунициаппалдык ишканасына жана сүт продукциясын өндүрүүчү «Ак-Жалга» жабык акционердик коомуна барды.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.