Курс НБ на 19.02.2018 $68,1667 €84,5131

Премьер-министр Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Аймак
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
16
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. Анын жолдошу, чабандык кесипти аркалаган Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген.
Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу