Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Петровкалыктардын маселесин ким угат...

Аймак
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
407
Москва  районунуна караштуу Петровка айылынын  Новая көчөсүндөгү айрым жашоочулардын үйлөрүн суу каптап, айыл тургундарын тынчсыздандырууда. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.   Маалыматка таянсак,  канализациядан ашкан суу,  жашоочулардын үйүн каптап,  дубалдарынан жарака кетирген.  Бул маселени айыл аймагынын башчысы  чечүүгө аракет жасап,  канализацияга атайын труба орноткону белгилүү болду.  Бирок, ремонт иштеринен кийин деле  суу каптоо токтогон эмес. Бул маселени  айыл тургундары суу өтүүчү канализацияга орнотулган труба сапатсыз же туура эмес орнотулганын айтып, нааразычылыгын айтышууда. Ал эми айыл тургундары кайрадан  маселесин чечип берүүнү өтүнүп, айыл өкмөттүн эшигин какса,  “труба орноттук, жасап бердик”  деген жоопторун берип жатышыптыр... Кыш суугунда үйлөрүн суу каптаган жарандардын маселесин уккан эч ким жок.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.