Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Паспорттун баасы көтөрүлдү

Аймак
02 - Сентябрь 2016
Админ
687

1-сентябрга чейин ички паспорт алуу үчүн 165 сом, жалпы жарандык паспорт үчүн 454 сом алынчу. Кечээ ички паспортторду алуу же алмаштыруу 460 сом, ал эми жалпы жарандык паспорттун баасы 750 сомго чыкты. Жоголуп кеткен паспорттун ордун жаңылоодо ички паспорттун баасы 530 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт 860 сом турат, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.  Баалардын кымбатташына эсептердин баарын улуттук валютага которуу негиз болгон. МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун билдиришинче, акыркы он жылдан бери кызмат акылары евро менен бааланып келген, эсептер улуттук валютага өткөрүлгөн соң, ортодогу айырманын эсебинен баалар кымбаттаган.

Жазгүл Кенжетаева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу