Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Памирлик этникалык кыргыздар окутулууда (фоторепортаж)

Аймак
02 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
71
Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздарга Нарын облусундагы  №86 кесиптик лицейинин имаратында окутуу жүргүзүлүүдө.
Этникалык кыргыздарга беш предмет боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери  сабак берет.
Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар 2 тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы КР Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык  дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат.
Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын маалыматында окуучулардын айрымдары фарси тилинде окуп, жазганды билет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуулары ар башка болгону менен программаны өздөштүрүүлөрү жакшы деңгээлде жүрүүдө. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.
Айнура Дүйшөк кызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу