Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Памирден келген А.Жээнбековдун үй-бүлөсү 1,2 млн сомдук үйлүү болду

Аймак
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
23
Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбековдун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үй белекке берди. А.Жээнбеков жакында эле төрөлгөн уулуна президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарган.
Аймактык кабарчы билдиргендей, үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Президенттик фонддон 70 миң сомго үй эмеректери да алынган. Ошондой эле, облус башчысы А.Кайыпов Абдыбаит Жээнбековдун үй-бүлөсүнө бешик жана кийим-кече тапшырды.
Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Памирден келген Жанбүбү Маматзайым кызы жаңы төрөгөн уулун Алмазбек деп атаган. Ал 21-октябрда көз жарган.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, бизди мекенибизге алып келген президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарууну чечтик. Эгерде кыз төрөлсө Чолпон деп атамакпыз (вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын урматына)», - деди Жанбүбү.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу