Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Ошто «жаңгак» аталышында брикет өндүрүлүүдө

Аймак
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
441
Быйылкы жылы Ош облусунун бир эле Өзгөн районунда кайра иштетүүчү 3 ишкана ишке берилген. Бири кыш чыгарса, экинчиси минаралдык суу, үчүнчүсү көмүрдүн колдонууга мүмкүн болбогон майдасын кайра иштетүүдө.  Бул багытта айылдыктардын түйшүгүн жеңилдетүү максатында корей инвесторлору жергиликтүү ишкер менен бирге көмүрдүн майдасын кайра иштетүүчү жабдык ойлоп тапкан.
Көмүр жаңгагы аталышындагы бул брикет, айтып тургандай, жаңгактай өлчөмдө чыгарылат. Жылуулук кубаттуулугу кадимки көмүрлөрдөн кем калышпаган брикет кореялык технологдордун көзөмөлүндө жасалып, сатыкка чыгууда. Эске салсак,  Өзгөн районунда учурда  20дан ашуун көмүр кени аныкталган же, аймакта бир жылда 200 миң тоннадан кем эмес көмүр казылат. 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.