Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Ошто заманбап бассейн ачылды

Аймак
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
112
 Ош шаарында бардык талаптарга жооп берген, жаңы заманбап бассейндин ачылуу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев, шаар тургундары келип катышты.
 Шаар башчысы “Классик” мейманканасынын “Classic Pool” спорт-комплекси заманбап стилде, шаардыктарга жана келген конокторго кызмат көрсөтүүнү жаңы баскычка көтөргөндүгүн билдирди.
 “Маалымат боюнча комплекстин заманбап бассейини, тренажердук залы жана башка ыңгайлуу шарттары мейманкананын конокторунун муктаждыктарын гана канаттандырбастан, шаардыктардын да эс алуусуна, ден соолугун чыңдоого багытталган кадам катары кабыл алууга болот. Бул шаардын өнүгүшүнө, шаардыктардын сергек турмушун образына шайкеш келген кадам деп эсептейм. Келген туристтердин агымын көбөйтүүгө, аларга жогорку деңгээлде тейлөө көрсөтүүгө өбөлгө түзөт”, - деди.
 Ал эми “Классик” мейманканасынын жетекчиси Жаныбек Ажимаматов курулушка жалпысынан 40 млн.сом коротулгандыгын билдирип, курулушка кеткен ар бир материал жогорку сапатта экендигин билдирди. Ошондой эле, жеке ишкерлерди колдоп, курулушка жардам көрсөткөн Ош шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди.
 Белгилей кетсек, “Classic Pool” спорт-комплексинде европалык стандарттагы суу тазалоочу фильтр, тренажердук зал, бассейн, массаж, кафе-бар жайгашкан. Жалпысынан 15 адам жумуш орун менен камсыздалган. 
 Р.Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.