Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Ошто таштанды челектер орнотулат

Аймак
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
640
 Ош шаарындагы көчө бойлоруна таштанды челектер орнотула баштады. Таштанды үчүн кичинекей челектер алгач Курманжан датка, Ленин жана Масалиев көчөлөрүнө коюлууда. Шаардын тазалыгын кармоо үчүн Ош-Тазалык ишканасы тарабынан алгач борбордук көчөлөргө 500  даана челек орнотулууда. Ар биринин аралыгы 50 метрди  түзөт.  Негизги максат-шаардын тазалыгын арттыруу жана жашоочуларга жагымдуу шарттарды  түзүү, таштанды ташталбаган жер таза деген түшүнүктү  ар бир жаранга жеткирүү болуп саналат.
     «Статистика башкармалыгы билдиргендей, Ош шаарында 260 миң адам жашайт. Бирок, таштанды үчүн төлөмдү 220 миң киши гана төлөйт. 2013-жылга салыштырганда, Ош-Тазалык ишканасынын абоненттери 90 миңге көбөйдү. Абоненттердин саны көбөйгөндүн эсебинен кошумча акча түшүп, андан улам ушундай таштанды үкөктөрүн жасап жатабыз. Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө мындай таштанды урналары жок болчу. Айрым тургундар жолдо баратып жеген тамак-аш калдыктарын, суусундуктардын идишин кайда салаарын билбей жолдун боюна ыргытып кетишчү. Анын айынан шаар булганып, Ош-Тазалык ишканасынын жумушчуларынын да иши көбөйөт. Эми мындан ары жол четиндеги таштанды челектерине таштап кете беришет. Алгач жарандарга шарт түзүп, андан кийин гана таза болуу, айлана-тегерекгине урмат менен мамиле жасоо маданиятына үндөйлү деген иш-пландарыбыз бар»-, деди Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров.
  Мекеме жетекчиси кошумчалагандай, ишкана бюджетинин көбөйүүсү менен көп кабаттуу үйлөрдүн алдына да таштанды челектерин орнотуу аракеттери көрүлөт.
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.