Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Ошто үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору ачылды

Аймак
08 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
97
Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен улуттар уюмунун балдар Фондусунунун жана Кыргызстандагы “Гуд Нейборс Интернешнл” Эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, “Гуд Нейборс Интернешнл” Эл аралык гуманитардык уюмунун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су мырза катышты.
 
Мэр Т. Сарыбашов балдардын укугун коргоп, аларга ар тараптан жардам берүүнү көздөгөн уюмдарга ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда балдарга болгон терс көрүнүштөр, үй-бүлөдө болуп жаткан оор кырдаалдар акырындык менен жоюлса деген тилегин айтты.
 
Ал эми БУУнун балдар фондунунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым коомчулук балдарга карата болуп жаткан терс көрүнүштөргө көз жумбай, биргеликте кам көрүүгө чакырды. Белгилей кетсек, борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлүп, ар тараптан колдоолор, жардамдар берилүүчү борбор. Ошондой эле, бала багып алуучу үй-бүлөргө да жардам берилет.
        Долбоордун координатору Зайнап Эшмуратованын айтымында, балдарга жардам берүүчү күндүзгү борборго Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн балдар жанан үй-бүлөлөр менен иштешет. Минималдык стандартка тиешелүү шарттардын баары түзүлгөн, 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.
                   Р. Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу