Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Ошто ИИМнин коомдук кеңешмесинин көчмө жыйыны өттү (фоторепортаж)

Аймак
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
20
  Ош шаарында КРнын ички иштер министрлигинин коомдук кеңешмесинин жыйыны өтүп, коомдук кабылдаманын ишин жакшыртуу багытында сүйлөшүүлөр болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева, шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ИИМдин коомдук кенешинин төрагасы Толкунбек Исаков, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ИИМдин жети областагы башкармалыктарынын өкүлдөрү, аймактык кенештердин төрагалары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип катышышты. 
   Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көчмө жыйынга ийгилик каалап, эл муктаждыгына көчмө коомдук кабылдамалар чоң жардамын тийгизип жаткандыгын белгилеп өттү. “Бул иш аракеттердин баары эл коопсуздугун сактоого, алардын милиция менен тыгыз иштеп, коомдук тартипти көзөмөл кылууда коомдук кабылдамалар жигердүү салымын кошуп жатат. Учурда Ош шаарында коомдук кабылдама 4 унаа менен камсыздалып, иш жүргүзүп келет”,-деди А.Кадырбаев.
Көчмө жыйында коомдук тартип, коомдук кеңешменин ишмердүүлүгүн илгерилетүү боюнча сөздр ортого салынды. 
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу