Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Ошто эл аралык иш-чаралар өтөт

Аймак
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
103
ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Ош шаарынын мэриясында эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларды талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук маданият борборунун башкы директору Жумакадыр Курмангазиев, режиссер Эген Чалабаев жана башкалар катышты.
Эл аралык иш-чаранын ачылышы апрель айына пландалып, ачылуу салтанатын жогорку деңгээлде өткөрүү керектиги айтылды. Ага чейин Ош шаарындагы маданий борборлор оңдоп-түзөөдөн өтүп, келген туристтерге шарт түзүү маселелери көтөрүлдү.
Ушул жыл ичинде шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлмөкчү.
Театр фестивалын, кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы, акындардын эл аралык айтыштары, улуттук оюндар жана эл аралык илимий-практикалык конференциялар боло тургандыгы пландалууда.
   Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу