Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Ошто эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата жаңы көпүрө колдонууга берилди

Аймак
02 - Сентябрь 2016
Админ
567

Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрө колдонууга берилди. Ачылуу аземине КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышты.Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында түштүк чыгыш кичи районундагы жаңы көпүрө үч аймактык кеңешин жана Төлөйкөн айылын бириктирип, студенттер шаарчасына көрк берип турат.

-“Бул көпүрө Курманжан Датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айылын бириктирип турат. Миңдеген студенттер шаарды айланып келип окуп жаткан. Жаңы ачылган көпүрө студенттер үчүн эң ыңгайлуу болду. Бул эстакадалык көпүрөгө бөлүнгөн акча каражатынан үнөмдөлгөн суммага курулду. Ал эми студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөдөн сарамжалданган акчага үчүнчү көпүрөнү пландаштырып жатабыз. Жасалып жаткан иш-аракеттер жаштардын жаркын келечеги, шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу үчүн кам көрүү болуп эсептелинет”, — деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, курулуш иштери  ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. Жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзөт. Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр. Жаңы көпүрөгө жанаша жайгашкан “Жеңиш” эс алуу багы оңдоп-түзөлүп, студенттер жана тургундар үчүн акысыз интернет коюлду.

Г. Мамазияева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу