Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Ошто дарыгерлер 7 жаштагы баланын өпкөсүнөн 1 ай мурун жуткан ийнени операциясыз алышты

Аймак
02 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
31
Бүгүн, 2-ноябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасынын дарыгерлери 7 жаштагы баланын өпкөсүнөн ийне алып чыгышты. Ийне бронхоскоп жабдыгынын жардамы менен операциясыз алынган. Дарыгерлер билдиргендей, окуучу ийнени мындан 1 ай мурда жуткан.
«Бейтапты бүгүн эртең менен жөтөлүп жатканын айтып алып келишкен. Рентгенге текшерүү учурунда өпкөдөн ийне чыкты. Аны операциясыз алдык. Бала байкабай жутуп алганын убагында айткан эмес. Учурда баланын абалы жакшы», - деди дарыгер.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу