Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Ошто адам өмүрүн алган 7 айдоочу бир жылдан бери изделүүдө

Аймак
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
388
Өткөн 2016-жылы Ош облусунун аймагында адам өмүрү кыйылган 84 жол транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, кырсыктардын ичинен 40 учурда айдоочулар адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Качып кеткендердин ичинен 33 адам кармалган. Ал эми калгандары белгисиз бойдон калууда. Аларды издеп табуу максатындагы иш-чаралар уюштурулуп жатат.
Ал эми, 2017-жылдын январь айында Ош облусунун аймагында 47 жол транспорт кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон. 95 адам денелеринен ар түрдүү жаракат алышкан. 9 жол кырсыгына өспүрүмдөр катышкан.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.