Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Ошто 31 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайы менен кошо көз жумду

Аймак
02 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
40
Ош шаардык төрөт үйүндө 30-март күнү 31 жаштагы келин каза болду. Оорукананын маалыматы боюнча, бөйрөгүнөн жабыркаган кош бойлуу аял өз убагында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн эмес.
Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн операция жасашкан. Бирок бейтаптын бөйрөгү иштебей калды, деп билдирди Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова.
«31 жаштагы аял Россияда 2 жыл эмгектенип жүргөн экен. Бөйрөгү ооруганына карабай дарыланбай келген. Кош бойлуу учурунда дагы каттоого турган эмес жана бизге кеч кайрылды. 28-март күнү кан кетип, Кара-Кулжадан келди. Дарыгерлер дароо операция жасап жатынын алып, өзүн сактап калууга аракет кылышты. Бирок көп кан жоготконуна байланыштуу аял менен баласын сактап кала алган жокпуз. Баласы тирүү, бирок алсыз болуп төрөлгөн. Ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында ымыркай чарчап, апасы саат 04:00тө көз жумду», - деди З.Исраилова.
Буга чейин маркум 3 бала төрөгөн.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу