Курс НБ на 19.12.2018 $69,8317 €79,3952

Ошто 2 жаштагы наристени атасынын унаасы тебелеп кетти

Аймак
02 - Март 2018
www.erkintoo.kg
178
Ош шаарындагы күтүүсүз кырсыктан 2 жаштагы наристе көз жумду. Аны атасынын автоунаасы тебелеп кеткен.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 1-мартта саат 15:00 чамасында Тургунбаев кѳчѳсүнүн 27 жаштагы тургуну «Мерседес-Бенц-270» үлгүсүндѳгү унаасын үйүнүн алдына нейтралдуу абалда токтотуп, өзү үйгѳ кирген. Андан бир аз убакыттан кийин унаа артка карай жылып, арткы оң дѳңгѳлѳгү ойноп отурган 2 жаштагы баланы белинен тебелеп кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун уулу (2016-жылдын февраль айында тѳрѳлгѳн) катуу жаракат аган.
Жабыркаган наристе ата-энеси тарабынан ооруканага жеткирилип, бирок ички органдары катуу жабыркагандыктан дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.
Жубайлар 2 кыз, 1 уулду болушкан. Наристенин атасы таксист болуп эмгектенип келген. Ал үйүнө зарыл иштери менен барып, кайра тез кайтууну пландаштырганын, шашкандыктан унаанын кол тормозун тартууну унутканын айтууда.
Маркум наристенин туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Учурда тиешелүү техникалык экспертизалар дайындалды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине кокустук катары катталып, иликтѳѳ иштери улантылып жатат.
 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.