Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Аймак
08 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
28
5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалдын максаты – Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун символикалык маанилүүлүгүн элге кеңири жайылтуу жана шаарда жашаган улуттардын каада-салт, үрп-адаттарын көрсөтүп, достукту даңазалоо.
 Иш-чаранын жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты А.Алтыбаева, чет мамлекеттен келген коноктор таанышты.
 Фестивалда Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнөн 13 диа́спора катышып, ар бир улут өзүнүн улуттук тамак ашын көрсөтүп, маданиятын тартуулады. Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.
 Р.Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу