Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Ошко эл артисти жана сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовго мемориалдык плита орнотулду (фото)

Аймак
22 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
206
Ош шаарындагы “Жеңиш” сейил багына СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовго мемориалдык плита орнотулду. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, С. Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Россиядагы кыргыз конгрессинин президенти К.Кожоев, С.Чокморов атындагы коомдук фонддун координатору Камбар Пусуров, С.Чокморовдун жакын туугандары, маданият жана искусство ишмерлери катышты.
     “Жеңиш” сейил багына орнотулган мемориалдык плитага кыргыз элинин көрүнүктүү актеру, таланттуу сүрөтчү, чыгаан уулдарынын бири Сүймөнкул Чокморовго эмдиги жылы эстелик орнотулат.
 
  Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.