Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Ош жарык шаарга айланат

Аймак
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
344
Буга чейин экинчи борбор статусун алып жүргөн шаарыбызда жылына болгону 6-7 км. эле негизги көчөлөр жарыктандырылып келгендиги факт. Учурда калаабызга түнкү жарык берүү системасында да рефолюцияга тете иштер жасалды. Тактап айтканда 2016-жылы 84 км. жолдун чырактары светодиод чырактарына алмаштырылып, 45 км. жол жаңыдан жарыктандырылды. Ал эми 5 км. жолдун экинчи тарабына түнкү чырактар орнотулуп, 1,3 км. жолдун эски чырактары жаңыланды.Калаа башчысынын тапшырмасы менен шаардын негизги көчөлөрү эле эмес калган көчөлөрү да жарыктандырылат. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна түнкү жарык берүү чырактарды орнотуу иштери башталып, ага жергиликтүү бюджеттен 30 млн. сом акча каражаты каралып жатат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.