Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Ош шаарынын мэриясы борбордук жылуулук системасына туташкан 400 жер үйдү андан ажыратуу боюнча түшүндүрмө берди

Аймак
03 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
66
Мэриянын басма сөз кызматы “Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов сентябрь айында, күн ысык маалда кышка даярдыкты текшерген. Ошондо Ош Жылуулук электр борбору менен "Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчилери, адистери ушундай маселе көтөрүшкөн. Алар көп кабаттуу үйлөр күндөн күнгө көбөйүп атканын мисал келтирип, жогорку кабаттагы батирлерге жылуулук жетпей калып жатканын айтышкан. Бул ишканалар болсо негизинен көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга ылайыкташкан. Адистер жер үйлөрдү жылуулуктан үзүп турууну сунуш кылып, натыйжада мэр протоколдук тапшырма берген. Ошонун негизинде азыр адистер жер тамдарды жылуулук системасынан ажыратып жатышат. Анын ичинде көбүнчө карызы көптөр, жетиштүү акча төлөбөгөндөр биринчи болуп ажыратылды. Бирок жер үйлөрдүн меши бар, үйдү жылытуунун башка жолдору бар. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө борбордук жылуулук түйүнүнөн башка альтернатива жок. Бул былтыр Бишкек ЖЭБинде болгондой авариянын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара”, - деп маалымат берди. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу