Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Ош шаарында 57 даана айыл чарба техникалары жайыт комитеттерине тапшырылды (фоторепортаж)

Аймак
01 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
26
Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров, КРнын айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министри Н.Мурашев, АРИСтин аткаруучу директору А.Муктаров, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкөнүн Түштүк регионундагы жайыт комитеттеринин  башчылары жана кызматкерлери катышты.
  Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин , алыскы аймактардагы калктын талаа иштерине жеңилдиктер жаралгандыгын айтып, баарына ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, бул иш-чара КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу (АРИС), КРнын айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин колдоосу жана Эл аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) каржылоосу менен ишке ашырылды.
 Бүгүнкү тапшырылган техникалар “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2” долбоорунун биринчи этабы. Жалпысынан Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча жалпы наркы 446 млн. 992 миң 800 сомду түзгөн 173 даана атайын техника алуу  пландаштырылган. Учурда 1-этап боюнча жалпы наркы 83 млн.353 миң 829 сомдук 57 даана алынды. Жакынкы айларда жалпы наркы 363 млн.638 миң 971 сом  акча каражатын камтыган 116 техника алынып, Кыргызстандын жайыт падалануучуларына тапшырылат. Жогоруда аталган техникаларга төлөнүүчү каражаттын жалпы суммасынан 20% кем эмес бөлүгү жергиликтүү бюджеттен жана коомчулуктун салымдарынын эсебинен, калган бөлүгү  донор Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду  (IFAD)  тарабынан төлөнөт.
Долбоордун максаты алыскы аймактардын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине колдоо көрсөтүү менен жайыттарды жакшыртуу, мал суу ичүүчү жайларды, жайытка баруучу жолдорду жана кичи көпүрөлөрдү оңдоо, малдын ден соолугун кам көрүү болуп саналат.
       Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу