Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Ош шаарына келген автобустарда пандустар бар

Аймак
09 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
486
Бүгүн, 9-декабрь күнү Ош шаарына жаңыдан алынып келинген 30  автобустун ачкычтарын тапшыруу аземи болду.  Автобустар 24 орундуу. Аларда  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жайгашкан. Ошондой эле автоматташтырылган билет сатуу, WI-FI байланыш системи ишке киргизилген, - делет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Автобустар 10-декабрдан тарта эки багыт боюнча жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Ал эми жакынкы аралыкта Ош шаарына жаңы 23 троллейбустардын келиши күтүлүүдө.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.