Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Ош шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталды

Аймак
20 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
464
Мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынганын Ош шаардык мэриясы кабарлады.  Тарыхый тамыры бар Ош шаарын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталышы жөн жерден болгон эмес. Чечим кабыл алууда Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалганы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргени жана башка жагдайлар эске алынды,-дейт жыйынга барып катышып баяндама жасап келген Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Андан сырткары жыйында  Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов да баяндама жасаган.  Алар бул сунуш президент Сооронбай Жээнбеков менен да макулдашылганын белгилешкен. Буга чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казан шаарын жана башка шаарларды "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган. Кыргызстандын экинчи борбору болгон быйыл 3018-жылдыгын белгиледи.
  Шаар болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин 1876-жылы шаар деген расмий макам алган.   Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат. Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун ири соода борбору болгон,-деген маалыматтар бар. Азыр   деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан шаардын көрүнүшү такыр өзгөргөн. Ал өзүнүн инфрастуктурасы, өнүгүп-өсүшүнүн аркасында Крыгызстандын экинчи боорбору деген макамга эгедер боло алган.  Шаардынт ургундардын расмий саны — 275 800 адам деп эсептелген
Ош шаары өзүнүн унутулгус маданияты, улуттук колорити, даамдары, түркүн тамак-аштары, тарыхый жайлары, базарлары, элинин кулкөмүнөзү  менен бир да адамды кайдыгер калтырбайт. Андыктан Ош шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталышы менен куттуктайбыз. 2019-жыл ичинде Түрксойдун курамына кирген өлкөлөр үчүн биздин шаары маданий борбор болуп, айрым маданий иш-чаралардын өтүүчү жери, маданияттын чордонуна айланмакчы. Арыба Ош шаары!
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.