Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Ош шаардык кеңештин кезектеги сессиясы

Аймак
31 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
56
 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Ж. Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Сессиянын күн тартибинде 7 маселелени кароо бекитилип, талкууланды. Алар:
   1. Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине дардыгы жөнүндө,
   2. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө,
   3. Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө,
   4. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарылып жаткан иштери жөнүндө,
   5. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “ Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө,
6. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө,
7. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.
           Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу