Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Ош облустук филармониясы толугу менен реконструкцияланат

Аймак
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
626
Бул тууралуу Ош облустук филармониясынын директору Гүлшайыр Садыбакасова билдирген. Маалыматка караганда филармониянын азыркы имараты мурдагы "Космос" кинотеатрына таандык болчу.  Ал  1958-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген.
 "Азыркы имарат эки чакан залдан турат. Чоң концерттерди өткөрүүгө таптакыр ылайыгы жок. Реконструкциялоо маселеси көтөрүлгөнүнө бир нече жыл болду, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы болгондуктан башка иш-чараларыбыз көп болуп, имаратты оңдоого жетишпей калдык. Эки залдын ортосун алдырып, өзүнө миң адамды батыра турган чоң зал кылууну пландап жатабыз", — деген  Г.Садыбакасова sputnik.kg агенттигине.
Жазгүл  Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.