Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Ош менен Жапониянын кызматташтыгы өөрчүйт

Аймак
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
715
   Ош шаардык мэриясында Жапон мамлекети менен болгон  карым-катнаш, кызматташуунун маселелери каралды.Ош шаарынын  вице-мэри Замирбек Аскаров менен  Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолушуусунда  өз ара  кызматташуунун ар тараптуу  маселелери ошону менен бирге   Ош шаарындагы биргелешкенн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкууулашты.
   Вице-мэр  З. Аскаров Ош шаарынын өнүгүшүндөгү негизги приоритеттүү  багыттардын бири Жапон мамлекеттинин эл аралык компаниялардын колдоосу менен ири долбоорлорду ишке  ашыруу экендигин баса белгиледи. Жолугушууда белгилүү болгондой, Жапон  мамлекети тарбынан  Ош шаарында он-лайн  системасы,  ата-энелер үйүндө отуруп эле баласынын кандай  билим алып жатканын  көзөмөлдөөгө т.а.билүүгө  боло  турган мектептерге  жана балдар бакчаларына  видеокөзөмөлдү орнотуу пландаштырылууда. Ошондой эле  сапаты  мыкты экспортко  жарамдуу жашылча-жемиштерден консервациялоо жасай  турган биргелешкен ишканаларды түзүү  максаты бар.
Жолугушуунун аягында  З. Аскаров  Ёсихиро Ямамурого  эстелик белектерин тапшырды.
Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.