Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

«Ош: кечээ жана бүгүн» фотокөргөзмөсү

Аймак
28 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
799
Ош шаарында  “Ош: кечээ жана бүгүн» аттуу бөтөнчө фотокөргөзмөсү ачылды. Байыркы шаардын тургундары жана анын меймандары бүткүл шаардагы автобустук аялдамаларда уникалдуу архивтик жана заманбап фотосүрөттөрдү көрө алышат. Эми, транспортту күтүү учурунда  ар бир жаран  үчүн шаардын өткөнү жана азыркысы менен кездешүүгө айланат.
    Фотокөргөзмөнүн негизги максаты Ош шаарынын жана Сулайман Тоонун өткөндөгү, азыркы маданиятын жана тарыхын чагылдыруу болуп эсептелинет. Көргөзмө ошондой эле жергиликтүү фото чеберлердин жана фото ышкыбоздордун жаратмандыгын күчөтүүгө жана чөлкөмдүн маданий салтын өркүндөтүүгө салым кошот. Дагы бир маанилүүлүгү Ош шаарынын жана Сулайман Тоонун толеранттуулук, жалпы жарандык бирдиктүүлүк, этникалык жана конфессионалдык көп түрдүүлүктүн күзгүсү катары символикалык маанисин кеңири жайылтууда жатат.
 Сейрек кездешкен архивтик фото сүрөттөр “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комлекси тарабынан сунушталды. Фотокөргөзмө Ош шаарында октябрь айында өтүүчү «Сулайман Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу» аттуу фестивалдын алкагында уюштурулууда. Фестивалдын максаты Ош шаарынын жана Сулайман Тоонун символикалык маанилүүлүгүн жайылтуу менен бирге, алардын толеранттуулук, жалпы атуулдук бирдиктүүлүк жана этникалык, конфессионалдык көптүүлүктү урматтоо сыяктуу универсалдык баалуулуктардын катализатору болушу күтүлүүдө. Фестиваль алкагында Ош шаарындагы алты паркта жана коомдук автоунааларда кыргыз элинин жана дүйнөлүк классикалык музыканын топтомдорун, белгилүү акындардын чыгармалары жаңырат. Ошону  менен бирге “Сулайман Тоонун ылдыйында жашаган улуттардын тарыхы жана маданияты» аттуу сүрөт көргөзмө-конкурсу; Шаардык сейил бактагы «Ош шаарынын күнүмдүк жашоосу» аттуу сүрөт галереясы  жана «Сулайман Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу»  деген  музыка, поэзия, фольклор жана сүрөт фестивалы боюнча иш-чаралар  өткөрүлөт.
       Дүйнө мурасынын эстелиги болгон Сулайман Тоо Ош шаарынын тарыхый бөлүгүнүн борборунда жайгашкан. Сулайман Тоонун уникалдуу тарыхый жана рухий маанилүүлүгү эл аралык деңгээлде кабыл алынган. 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Испаниядагы 33-жыйында Сулайман Тоону Дүйнөлүк мурас тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизүү чечими чыгарылган. Сулайман Тоонун эзелтеден бери  Фергана өрөөнүнүн жана Борбор Азиянын этникалык тургундарынын тарыхый, рухий жана маданий биримдигин чагылдыруучу сыпаты белгилүү.
  Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.