Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

Ооганстан апааты эскерилет

Аймак
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
1285
Жалал-Абад шаарында Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгын салтанттуу белгилөө жана Ооган согушунун катышуучуларына сый-урмат көрсөтүү боюнча иш-чараларды башташты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар мэриясында тиешелүү буйрук чыгып, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча 27 кишиден турган атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Ал уюштуруу комитетин шаар мэри Салайдин Авазов өзү жетектейт.  
-Биз жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрүп келебиз. 15-февралда “Жеңиш” эс алуу багындагы Ооган согушунун катышуучуларына арналып коюлган эстеликтин жанында салтанаттуу иш-чара өтөт, ага Ооган согушунун ардагерлери, үй-бүлө мүчөлөрү, башка да аскердик конфликттерге катышкандар, шаардын активи, коомдук уюмдар катышышат. Ага чейин шаардагы бардык эмгек жамааттарында, айрыкча окуу жайларында Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, аскердик-патриоттук тарбия берүү иши жүрөт, - дейт шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев.
Эскерте кетсек, азыркы тапта Жалал-Абад шаарында Ооган согушунун 96 ардагери бар. Согушка кеткен эки жоокер курман болгон, ал эми согуштан кайтып келгенден бери 20 жоокер каза тапкан.  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.