Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Турсункулов Кутманбек Эшмаматович:"Айыл турмушуна эрте жашымдан аралаштым"

Аймак
25 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
663
Мен  19 жашымда айыл өкмөтүндө экономист-статист, кошумча айыл башчы болуп иштедим. Экинчи курстан баштап,  сырттан окуп  жүрүп, айылдагы бардык иштерге эрте жашымдан аралаштым. Чындыгында эл менен иштөө оор. Адамдар менен иштеп жүрүп, айыл өкмөтүндөгү иштердин майда-чүйдөсүнөн чоңуна чейинкисин баарын көрдүм, үйрөндүм, такшалдым, урулуп-согулдум. Адамдар башында мени жашсынтып, ишебегендей мамиле жасашчу... Ошол нерсе мени  ардантат болчу. Алардын ишенимине кирүү мага оңой болгон жок. Эл –сынчы,эл-тараза, эл -калыс деген эң туура. 2009-жылы жаштар комитетин жетектедим. Биздин айылда 30 чакты демилгелүү жаштар бар болчубуз. Ар бир айылдан бирден өкүл, мен шайлоо жолу менен келгем. Биздин элдин бир өзгөчөлүгү  ар кимиси ар жактан келген, оңойлук менен бирөөнү ээрчибеген беш кошкон эл. Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү бар, алардын сынынан өтүү өзүнчө эле бир мектеп.2 010-жылы маданият бөлүмүн жетектедим. 2012-жылы айыл өкмөт башчысынын орун басарынын милдеттин аткаруучу болдум. Канчалык ар тармакты билген  сайын ошончолук тажрыйбаң артып отурат. Жетекчиликтин бир артыкчылыгы эч качан жалган айтып, куру убада берип, болбогон нерселерди сүйлөбөй(кыялкеч) болгонун болгондой айтып, түшүндүрүп, идеяны алдын -ала таштап койгонго көнүгүш керек. Биз базар экономикасынын мезгилинде жашап жатабыз. Эсеп-кысапка  так, туура, жоопкерчиликтүү жана обьективдүү көз карашта болсоң, эч качан уттурбайсың. Эмне иш баштасаң, күн мурунтан анын  сметалык наркын эсептеп, капиталды кайдан алуунун жолдорун анализдеп алуу зарыл. 2012-жылы айылдык кеңештин депутаты болуп шайландым. Ошол эле учурда айылдык кеңештин  төрагасы болуп да шайландым. Ошол мезгилде  Ноокат району боюнча 343 депутат болсо, кошмо жыйындын президиумунун төрагасы,ошол эле учурда  Кызыл –Кыя “Ак-Булак” ТРЕЙТ ЖЧК директору болуп да эмгектендим. Ушулардын баары мени эл менен тыгыз иштешүүгө,элдин кулк-мүнөзүн, психологиясын, кыял-жоругун үйрөнүүгө түрттү. ”Сүйлөй- сүйлөй чечен болот, көрө- көрө көсөм болот” дегендей, элден көп нерселерди үйрөндүм, турмуштун ачуу-таттуу сабагын алдым. Азыр 29 жаштамын.
Биздин Өрнөк айылында  мектеп жок, балдар малканада окушат болчу, азыркы учурда 275 орундуу жалпы сметасы 49 млн сомдук эки кабаттуу мектеп курулуп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 4 млн, республикалык бюджеттен 45 млн сом  берилет. Тендер жарыялаганбыз, андан ОсОО “Иверия” утуп чыгып, иш баштады. Элдин жашоо шарты орто, дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана соода-сатык менен алектенет. Жердин кыртышы  сары топурактуу,  көпчүлүгү кайракы жерлер, эгин-тегин чоң эмгек, чоң чыгым менен түшүм берет. Айыл өкмөтүнүн имараты  1941-жылдан бери бир да жолу ремонт болбоптур. Дубалы көчүп,  жарака кетип, шыбы урап түшүп, полу жыртылып  аткана кейпинде таптакыр керектөөдөн чыкканы калган эле.2016-жылы  дубалынан башкасынын  баарын алмаштырып, жаңылап 2 млн 352 миң сомго капиталдык ремонт баштап, быйылкы жылы толук бүткөрдүк. 1991-жылы айылды сел каптап кеткендиктен,  турак үйлөрдү селдин залакасынан толук тазалоого туура келди. Өкмөт түптөлгөндөн бери айыл аймагындагы 14 селкананы толук тазалап бүттүк. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты  Төрөбай Зулпукаровдун жардамы менен республикалык транспорт министрлигинин  балансында турган 2,5 чакырым алыстыктагы Нарай айылына асфальт төшөлдү. Ошондой эле  аталган айылга ӨКМнин министринин орун басары  Равшан Рыспаевдин жардамы менен 5,5 млн сомго  спорт залы курулду. Элдин тиричилигине эң зарыл нерселер; сугат суу, электр энергиясы, КТП, трансформатор ж.б техникалык жабдуулар муктаждыгы бизде бар.
Айылдын калкынын 30 пайызын жакыр үй бүлөлөр түзөт. Мамлекеттен жөлөк пул алышат, өкмөттүн бюджеттин бекитип жатканда, ар бир үй бүлөгө 2000 сомдон карайбыз. Оорулуулар, майыптар, карылар  жана социалдык жактан коргоолууга  муктаж болгон жарандарыбызга мүмкүнчүлүк болуп калса эле материалдык жана моралдык жардам көрсөтүүгө ашыгып турабыз. Бизде демилгелүү жаштар, колунан иш келген  жаш ишкерлер, бизден чыккан аттуу-баштуу инсандар  кайрымдуулук иштерин атуулдук парз катары көрүшөт. Мен ушуга абдан ыраазымын.
Быйыл жалпысынан 25 га,Нарай айылында 15 га, Өрнөктө 10 га жерди трансформациялап бүтүп, өкмөттүн токтомун алып келдик. Жакынкы арада 270 адам  үй куруу үчүн жер участогун алышат. Бул маселе баш-аягы төрт жылда араң бүттү. Мен Төрөбай Зулпукаровду кумир тутам, чыныгы мекенчил инсан деп эсептейм. Анткени, бир сөздүү, айткан нерсесин убагында аткарат, орчундуу маселеде дайыма эли-жүртуна жардамын берет.Бул кишинин жардамы менен жакында  Нарай айылына  трансформатор, 40 даана көмөк чордон ( столба) алып келдик. Биздин алдыбызда  асыл максаттарыбыз арбын. 
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.