Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Окуучуларга комуз чертүүнүн сырларын үйрөткөн Ноокендик Санабар Умурзакова төш белги менен сыйланды (фоторепортаж)

Аймак
13 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
105
Ноокен районундагы Масы айылындагы балдар искусство мектебинин комуздан сабак берген мугалими Санабар Умурзакова КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Ал кыргыз комузунун миң түркүн татаал сырларын Масы балдар искусство мектебинин өнөргө шыктуу окуучуларына көп жылдардан бери талыкпай үйрөтүп келүүдө.
   Элеттик кыргыз улуттук эл аспаптар сабагынын чыгаан кесипкөй адиси Санабар Умурзакова 1983-жылы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз элдик аспаптар бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Окуу жайын бүтүргөндөн  кийин алгач Араван райондук маданият бөлүмүндө, кийинчерээк Кочкор-Ата шаарындагы балдардын музыкалык мектебинде үзүрлүү эмгектенген.
      “Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
      Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз.
       Сыртынан көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
       Бирок да өнөрү бар айтып болгус”
 -деп кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов комуз туурасында таамай-таасын ыр менен жазгандай Санабар Умурзакова үчүн мектеп жашындагы окуучу кыздар менен балдарга комуздан сабак берүү, алардын комузга болгон сүйүүсү менен ышкысын арттыруу кадырлап кастарлаган кесибине айланып калды.
  Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Көкчөгөз айылында жашаган Санабар Умурзакова эки кыз, бир уулдун сүйүктүү апасы. Тун кызы Элиза ЖАМУнун медициналык факультетинин 4 курсунун студенти, уулу Эсен ушул эле окуу жайынын экономика факультетинин 2 курсунун студенти. Кенже кызы Айшоола Базар-Коргон районундагы М. Алыкулов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу. Өмүрлүк жолдошу Ашырбек Умурзаков жогорку билимдүү инженер-куруучу.
   - Ноокен районунун айтылуу Рахманжан айылында туулуп өстүм. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз чертүүгө аябай кызыкчумун. Комузда кол ойнотуп, аны жакшы черткенимден жана ырдаганымдан улам мектептер жана райондор аралык  кароо-сынактарга, фестивалдарга такай катышып жүрдүм. ОшММУну ийгиликтүү аяктагандан бери комуз чертүүгө кызыккан балдар менен кыздарга комуз чертүүнүн миң түркүн татаал сырларын талыкпай үйрөтүп келе жатамын. Өз кесибим менен терең сыймыктанамын,- дейт Ноокен районундагы Масы айылындагы балдар искусство мектебинин улуттук эл аспаптар сабагынын мугалими Санабар Умурзакова.
   Санабар Умурзакованы КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси сыйлыгынын татыктуу ээси болгондугу менен эң биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын Эл акыны, устаты Рахматулла Козукеев, анын кесиптештери жана сүйүктүү окуучулары куттукташты.
 
     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу