Курс НБ на 25.04.2019 $69,8383 €77,8488

Облус башчысы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берди

Аймак
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
96
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашаган 25 батирлүү үйдүн жашоочуларынан кабар алып, азык түлүктөрдү тапшырды.
Жаңыдан турак жайлуу болгон үй ээлери облус башчысына, кабар алып, ал акыбалыбызды сурап, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.  Белгилей кетсек,  2018-жылы Араб мамлекеттеринин колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарында аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелүү, турак жайы жок 25 үй-бүлөгө үй курулуп, пайдаланууга берилген. Араб мамлекеттеринин инвестициясы жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы болуп, курулушка 32 млн сом жумшалган. Жергиликтүү бийликтин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн турак жай куруп берүу сунушун, Ас-Салам Кайрымдуулук фонду ишке ашырган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу