Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Нуржамал Дүйшөкеева: «Азыркы жаш врачтар акчанын артынан куубай, патриот болушса»

Аймак
02 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
42
№2 ҮДВ Талас шаарындагы 11 миң адамды тейлейт. Дарыгерлик иш-аракеттери туурасында биз менен ой бөлүшүп жатканында Нуржамал:
- Азыркы жаш врачтар акчанын артынан кууп калышты. Поликлиникада иштегилери келишпейт. Себеби маянасы аз. Ошондон улам бизде врачтар жетишпейт. Акча ар бир адамга керек. Бирок, врач үчүн, акчадан башка эл алдындагы кесиптик милдет деген болот. Жаш врачтар ошону жакшы түшүнүшсө, патриот болушса, -деди.
Туура айтылган сөз. Биздин өлкөбүз  эгемендүү өлкө катары жаңыдан өнүгүп жаткандыктан мамлекеттик бюджеттен каржыланган көпчүлүк тармактарда эмгектенишкен кызматкерлердин маяналары анчалык жогору эмес. Алардын арасында врачтар да бар. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө врачтар эң көп маяна тапкан кесип ээлерине киришет.
    Биздин өлкөбүздүн өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүгө далалаты күч. Ал үчүн мамлекеттик  программалар: жол карталары, долбоорлор түзүлүп жана аны ишке ашыруу боюнча чоң аракеттер жүрүүдө. Өлкөбүздүн ар бир жараны өз кызмат ордунда  мекенчилдик сезим менен жигердүү иштегендеге гана бул  багытта ийгиликтер  камсыз болору бышык.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу